RSS

XML-форматындагы RSS бирикмеси жаңылыктар тасмасын сыпаттоо, макалалардын анонсу, блогдордогу өзгөрүүлөр үчүн арналган. RSS форматында берилген ар кандай булактардан алынган маалымат пайдалануучу үчүн  ыңгайлуу түрдө атайын программа-агрегаттар менен чогултулат, иштетилет жана сунуш кылынат.

Адатта RSS жардамы менен сайтта пайда болгон жаңы маалыматтын кыскача сыпатталышы жана анын толук версиясына шилтеме берилет. RSS форматындагы  Интернет-ресурс RSS-канал, RSS-тасма же RSS-фид деп аталат. Азыркы кездеги көп баузерлер жана почталык кардарлар RSS-тасма менен иштей билишет, алардын арасында Safari, Maxthon, Mozilla Firefox, Mozilla Thunderbird, Opera, Microsoft Internet Explorer (7-версиядан баштпалат) бар. Андан тышкары, RSS-каналдардагы маалыматтарды чогултуучу жана иштетүүчү адистештирилген тиркемелер (RSS-агрегаторлор) бар.

RSS-агрегатор - RSS же Atom форматтарына экспорттолуучу булактардан маалыматтарды автоматтык түрдө чогултууга арналган программа. Агрегаторлор эки типте болот. Web-агрегаторлор жана программалык агрегаторлор. Алардын милдеттери бирдей - RSS менен иштөө жана жаңыланууларды алуу. Программалык агрегатор – бул RSS менен иштөө үчүн компьютерге орнотулуучу компьютердик программа. Алар браузерге же почталык программага, ал түгүл операциялык системага орнотулушу мүмкүн. Opera, FireFox и Макстон, Internet Explorer (7.0 версиядан баштап) браузерлери  агрегацияны колдоого алат.

Веб-агрегатор -  бул Интернетте турган агрегатор, ошентип, ага Интернети бар ар кандай компьютерден кирүүгө болот. Мындай агрегаторлордун мисалы: Яндекс.Лента, Google Reader.
 
RSS-тасмалар


Жарлыктар жана Буйруктар
http://www.president.kg/rss/ukaz/

Жаңылыктар
http://www.president.kg/rss/news/

Сүйлөнгөн сөздөр
http://www.president.kg/rss/vistup/

Кол коюлган Мыйзамдар
http://www.president.kg/rss/laws_kv/

Куттуктоолор
http://www.president.kg/rss/pozdravlenia_kv/

Администрациянын жаңылыктары
http://www.president.kg/rss/news_adm_kv/

Интервьюлар
http://www.president.kg/rss/interview/

Президенттин Институтунун жаңылыктары
http://www.president.kg/rss/secretar/

Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайы
http://www.president.kg/rss/kurultai_kg/