Приоритеттер

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин элге кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

Мен 2008-жылдын октябрь айында Кыргызстандын калкына кайрылып жатып, алдыбыздагы турган мезгил өлкөбүздүн тагдыры, Кыргызстандын келечеги үчүн зор жоопкерчиликти талап кыла тургандыгын белгилеп кеткен болчумун. Тез аранын ичинде, жакынкы айларда өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуу зарыл экендигине да өзгөчө басым жасаганмын.

Эл тагдыры үчүн жоопкер журт башчысы катары кеп эмне жөнүндө болуп жаткандыгын түшүндүрө кетүү маанилүү деп эсептейм.

Азыркы тапта биз иштелип чыккан стратегиялык документтерди жигердүү ишке ашыра баштоого тийишпиз. Бул үчүн аларды жүзөгө ашыруунун негизги шарттарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу зарыл.

 

Жакынкы жылдары биздин өлкөнүн башкы идеологиясы — улуттук таламдарды жүзөгө ашыруудагы акылга сыярлык тең салмактуулук идеологиясы болуп калат.

Инновациялар менен улуттук өз алдынчалуулукту сактоонун, рынок менен мамлекеттик жөнгө салуунун, демократия идеялары менен өлкөнү башкаруунун ортосундагы акылга сыярлык тең салмактуулукту камсыз кылуу зарыл.

Биздин турмушубуздагы маданий ар түрдүүлүк, жашоо ыңгайынын көп түрдүүлүгү — глобалдуу дүйнөдө биздин абалыбызды чыңдоо үчүн биздин байлыгыбыз жана резервибиз деп эсептейм.

Коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө баа берүү кандай критерийлер боюнча жүрүп жаткандыгын ар бир адам түшүнүшү үчүн улуттук таламдар эмне экендигин таасын аңдоо зарыл.

Мен Кыргыз Республикасынын улуттук таламдары деп төмөнкүлөр саналат деген ойдомун:

 

Булар биз улуттук маданий салттарды жана коомубуздун негизги дөөлөттөрүн сактоого умтулгандыгыбызды билдирет.

Биз элде чыныгы урматтоого ээ болгон адамдарга таянабыз. Ошону менен бирге биз коомдук турмуштун зарыл жана маанилүү чөйрөлөрүндө эң жаңы технологияларды киргизүүгө тийишпиз.

Экономика жана өндүрүш жаңыланууга тийиш. Эң башкысы — өлкөдө башкаруу системасынын жана жалпы бийлик системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

Ошондуктан, өлкөнү башкаруу системасы үчүн кадрларды даярдоого, демилгелерди, өзгөчө ишкерлер тарабынан сунуш кылынгандарын колдоого айрыкча көңүл бөлүнөт.

Биз ар кандай саясый күчтөргө жана өлкөнүн интеллектуалдык ресурстарына кулак төшөп, чечимдерди даярдоо процессине аларды аралаштыра бермекчибиз.

Алдыга коюлган максаттарга тез арада жана натыйжалуу жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы түзүлдү.

Сиздердин колдооңуздар менен, урматтуу мекендештер, өлкөдө зарыл болгон реалдуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүү багытынын толук жүзөгө ашырыла тургандыгына мен ишенем.

Мен Катчылыкка Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту менен бирдикте Президенттик курсту конкреттештирүү боюнча сунушту кеңири талкуулап, андан кийин аны менин кароомо киргизүүнү, ошондой эле аны жүзөгө ашыруу планын даярдоону тапшырдым.

Бул мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ал багыттын жоболорун жүзөгө ашырууга көзөмөл кылуунун механизмдерин иштеп чыгууга тийиш.

Сунуш кылынган багытты аткаруу үчүн жоопкерчиликти мен өзүмө алам.

Сөзүмдүн акырында бүгүн айрым саясый позициялар жана жеке пикирлер эмес, бардык таламдаш күчтөрдүн, жарандардын өлкөнү чындап алга илгерилетүүгө катышуусу мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Биздин Мекенибиз бир, жерибиз бир, жана конструктивдүү сунуш киргизген ар бир добушка биз алардын кайсы партияга таандык экендигине жана саясый ниеттерине карабастан, кулак төшөөгө даярбыз.

басып чыгаруу үчүн вариант