Сүйлөнгөн сөздөр
16 – декабрь 2009 жылКыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин КР Жогорку сотунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзү
Урматтуу судьялар жана жыйындын катышуучулары!
Биз бүгүн олуттуу себеп менен жыйналып отурабыз. Жогорку сот өзүнүн 85 жылдык мааракесин белгилеп жаткандыктан, мен баарыңыздарды майрам менен куттуктап кетейин.
Биздин коомдо судьялар менен соттордун аброю дайыма жогору болуп келген. Кыргыздар үчүн алар эң эле бийик дөөлөт саналган акыйкаттыкты билдирет. Бирок, кайсы өлкөдө жана качан болбосун акыйкаттыкка жетүү өтө оор иш болгон. Эмне дегенде акыйкат мыйзам да, адилет сот да, адилеттикти жактаган коом да, сот чечимин жүзөгө ашыруу үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк да керек эмеспи.
Бүгүн дүйнөдө адам укуктарын ишке ашыруу аркылуу акыйкаттыкка жетүү идеясы үстөмдүк кылууда. Биз да ушул идеяны улап кетип баратабыз. Жаңылануу багытында укуктук мамлекетти куруу концепциясына негиз салынган.
Биз үчүн бул укук үстөмдүгүн жана мыйзамдуулукту чыңдоону эле эмес, ошондой эле укуктардын негизги түрлөрүн билдирет. Ал укуктарды атай кетейин:
- Адам укуктарын тутуу мыйзам алкагында болуп, башка адамдардын, коомдун же жаратылыштын укуктарын басмырлабашы керек. Бизде адам укуктары деп коомдук эрежелердин чегинде инсандын өнүгүү укугун эмес, көбүнчө өз эркин таңуулоо, жеке жана топтук эгоизм укуктарын түшүнүшөт.
- Коомдун укуктарын тутуу. Бул анын негиздерин, дөөлөттөрүн кыйроолордон, айрым топтордун жеке басарлыгынан коргоо болуп саналат. Мисалы, ким бирөөнүн жеке мүдөөсүнөн улам балдардын ден соолугуна, коомдун мүчөлөрүнүн адеп-аклагына залака келтирүүдөн коргоо зарыл. Туруктуу коомдук карым-катнаштардын негизи катары менчик укуктарын тутуу.
- Жаратылыштын укуктарын тутуу — бул экологиялык капсалаңдардан коргоо болуп саналат.
- Ата-бабалардын укуктарын тутуу — улуттук эстутумду, салттарды кыйроодон сактоону билдирет.
- Урпактардын укуктарын тутуу деген - бул татыктуу келечекке укуктар болуп саналат.
Бул укуктардын кайсынысы гана болбосун, башкаларынын басырындысында калбоого тийиш. Кыргыз коому биздин жерди байырдагандардын бардыгы үчүн өз ара урматташуу жана колдошуу коому болуп калаарына ишенгибиз келет. Биздин максат — ак ниет коом түзүү.
Бул максатка жетүү үчүн улуттук таламдарды ишке ашырган жана өлкө жарандарына эң сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтө алган сот жана укук коргоо органдарынын эффективдүү системасын түзүү керек. Мыйзамга баш сунуу — укуктардын тең салмагына негизделген акыйкаттыкка карай бирден бир жол.
Биздин бүгүнкү укук системасы идеалдуу эмес экени шек деле туудурбайт. Анын түптүү проблемасы баарыга маалым — коом ичинде сот жана укук коргоо системасына ишеним деңгээли али төмөн бойдон калууда, сот коррупциялашкан, анын ишинен майнап чыкпайт деген көптөгөн дооматтарда жүйөө бар. Көп сандаган сот чечимдери аткарылбайт. Кыязы, сот системасын реформалоо процесси тынымсыз жана узакка созулат өңдөнөт.
Эгер реформа жасабасак адамдарыбызга, бизнес таламдарына жана улуттук коопсуздукка залака келет, ошондуктан, биз реформалоо ишин такай колдоого тийишпиз. Бир сыйра өзгөртүү эч качан биз күткөн натыйжаны бербейт жана коомчулук менен мамлекеттик курулуштун бардык катышуучуларынан көп күч сурайт.
Кыргызстандын сот системасын реформалоо процесси бир катар жылдан бери жүрүп келатат. 2007-жылы 21-октябрдагы референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы, аны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган бир катар мыйзамдар, ошондой эле АКШнын «Миң жылдык көйгөйлөрү» корпорациясынын баштапкы программасына катышуу үчүн Кыргызстандын аракеттери — ушунун баары сот системасынын көз карандысыздыгын чыңдоо ишинде олуттуу жаңы мамилелерге өбөлгө түздү. Бир топ иштер жасалды.
Биринчиден, эми соттор беш жылдык «сыноо» мөөнөтүнөн кийин мөөнөтү чектелбестен дайындалышат жана жүрүм-туруму кынтыксыз болгон шартта жашы жеткенге чейин кайра дайындалбастан кызматында кала беришет. Бул курак жергиликтүү соттордо 65, жогорку соттордо 70 жашка чейин белгиленди. Бул сот адилеттигин камсыз кылуу ишинде соттордун көз карандысыздыгынын эң маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
Экинчиден, сот адилеттеги иштери боюнча Улуттук кеңеш кайра түзүлүп жана иштеп жатат. Кеңеш мамлекеттик бийликтин бардык үч бутагынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат. Анын башкы озуйпасы — сот ишине эң татыктуу жана камбыл юристтерди тандоо.
Ошентип, келечек сотторду тандоо иши көшөгө артында жүрбөөгө тийиш деген негизги маселелердин бири чечилип жатат. Бир кездерде жергиликтүү соттордун судьялары Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындалып, бул эң жогорку мыйзам чыгаруу органынын кээ бир мүчөлөрү мындай макулдукту берүү үчүн «акы» талап кылган учурлар да болгон. Кеңири коомчулук Соттук кызматтарга жалаң гана ачык конкурстун жана ачык-айкын эрежелер менен тандоону легитимдүү жана адилеттүү деп таанууга тийиш.
Үчүнчүдөн, соттордун съезди аркылуу үч жылга шайланган Судьялар кеңеши түзүлүп, натыйжалуу иштеп жатат. Кеңеш сот системасынын бюджетин түзүү, коргоо жана ишке ашыруу маселелерин дурус чечүүдө; жарандардын адилетсиз соттордун үстүнөн арыздарын калыс талдап жатат. Судьялар кеңеши мамлекеттин бекем колдоосу астында мурда болуп көрбөгөндөй мыйзам чечимине жетише алды.
Эми жергиликтүү соттордун бюджети көнүмүш адат боюнча Минфин тарабынан түшүрүлбөстөн, өздөрү түзүп, Судьялар кеңеши аркылуу жалпылаштырылып, Өкмөт менен макулдашуу боюнча Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө коюлат. Судьялар кеңеши менен Өкмөт ортосунда келишкис карама-каршылыктар туулган учурда республикалык бюджетке Өкмөттүн эмес, Судьялар кеңешинин сунуштары киргизилет.
Мурда Юстиция министрлигине кирген Сот департаменти сот системасына өткөрүлүп, эми Судьялар кеңешинин көзөмөлү астында иштеп жатат. Анын натыйжасында жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелери жакшылап чечилип, сот актыларынын аткарылыш системасы өркүндөтүлдү.
Ошентип, мамлекеттик бийликтин өз алдынча бир бутагы катары сот системасынын чыныгы финансылык көз карандысыздыгын камсыз кыла турган жаңы механизм түзүлдү.
Судьялар кеңешине ишине шалаакы мамиле жасаган соттордун үстүнөн арыздардын азайбай түшүп жатканы Кеңештин аброюнун артышын гана эмес, судьялардын катарын татыксыз адамдардан арылтуудан жалтанбаган калыс, таза кызматчылар сот системасынын негизги өзөгүн түзүп жатканын далилдейт.
2008-жылы апрелде судьялардын съездинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши шайлангандан берки мезгилде 58 судья жоопкерчиликке тартылды. Анын ичинен 25 судьяга тартип жазасы колдонулду, 19 судьяга сөгүш жарыяланды, ал эми татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу 14 судья мөөнөтүнөн эртелей кызматынан бошотулду. Алардын 13ү менин жарлыгым боюнча мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынды. Мындан тышкары, Башкы прокурор тарабынан судьяларга карата 7 кылмыш иши козголду. Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш бардык жети судьяны тең кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Алар да менин жарлыгыма ылайык кызматынан четтетилди.
Бүгүн биз: Кыргызстандын соттору бара-бара коомдун ишенимин кайтарууда деп ишенимдүү айта алабыз.
Акырында дагы бир чечкиндүү кадам жасалып, «Сот арачылар жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Азыр 2011-жылдан тарта бара-бара ар кайсы региондордо сот арачылардын катышуусу менен айрым категориядагы кылмыш иштерин кароону камсыз кылуу боюнча даярдык жүрүп жатат. Сот арачыларды киргизүү сот адилеттигинин социалдык жана тарбиялык маанисин гана арттырбастан, ошондой эле алдын-ала тергөө сапатын жакшыртууга, сот ишинде коргоочу менен прокурордун ролун күчөтүүгө өбөлгө түзмөкчү. Андан тышкары, сот өндүрүшүндө чыныгы атаандаштыкка, сот өкүмдөрүнө ишенимди арттырууга зарыл шарт түзүлөт эле.
Сотторго доо арыз менен кайрылуу, ошондой эле сот чечимдерине даттануу алдында төлөнүүчү мамлекеттик алымдарды жокко чыгарган мыйзам бир жылдан бери иштеп жатат.
Сот жобосу катары банкроттук беренеси карызгор менен кредитордун таламдарын толук эске алуу менен ишке ашырылууда. Жалпысынан сот системасы кыйла ийкемдүү жана кесипкөй болуп калды деп айта алабыз.
Бирок сот адилеттиги чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтардын сапаты коомдун жана бизнестин өнүгүү милдеттерине дагы эле толук жооп бере албай жатат. Адамдын, коомдун жана жаратылыштын укуктары көп учурда жеке кызыкчылыктардын курмандыктары болуп калууда. Сот реформасынын жалпы милдеттери Жаңылануу багытында белгиленген, аларды атай кетейин.
- Бул кылмыш-жаза мыйзамын коргоо юстиция принциптерине өткөрүү багытында гумандаштыруу.
- Бул бир эле учурда судьялардын көз карандысыздыгы менен жоопкерчилигин көтөрүү.
- Бул жарандардын конституциялык укуктарын чектеген тергөө амалдарына уруксат берүү укуктарын прокуратурадан сотторго өтөрүп берүү.
- Бул менчик укуктарын коргоо боюнча жарандык мыйзамды жана сот процессин өркүндөтүү.
- Бул администрациялык юстицияны өркүндөтүү, бийлик менен алака-катыш чөйрөсүндө жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын коргоону камсыз кылуу.
- Бул сотко чейин элдешүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болгон чарбалык талаш-тартыштардын укуктук негизин жана тажрыйбасын кеңейтүү.
- Бул сот чечимдерин аткаруу механизмин жана аларды аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү.
- Бул сот процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу.
- Бул квалификациялуу юридикалык жардамдарды, анын ичинде бекер юридикалык жардамга муктаж болгондордун укуктук таламын камсыз кылуу.
- Жана акырында — бул сот өндүрүшүнүн материалдык — техникалык базасын , ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн социалдык кепилдиктерди жакшыртуу.
- Ушуга байланыштуу жакында эле Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун жибергенимди белгилей кетким келет. Ал мыйзам долбоорлору судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамга жана пенсиялык камсыздоо маселесин жөнгө салуучу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө багытталган.
- Бул өзгөртүүлөр судьяларды пенсиялык камсыздоону кыйла жакшыртууга тийиш.
- Мындай мыйзам долбоорлорун даярдоо талабы соттордун көз карандысыздыгын, анын ичинде каржылык көз карандысыздыгынын кепилдигин толук камсыздоо зарылдыгынан улам пайда болду.
Урматтуу судьялар жана жолугушуунун катышуучулары!
Сот системасын реформалоо боюнча мага көптөгөн сунуштар түшүп жатат. Ушуга байланыштуу сиздер менен бир топ милдеттерди талкуулоо керек болуп турат.
Биринчиден, бул процесстин ачык-айкындыгына жетишүүнү камсыз кылуу зарылдыгы. Бул багытта иш жүргүзүү менен, Жогорку сот быйыл «Миң жылдыктын көйгөйлөрү» Корпорациясынын баштапкы программасынын колдоосу менен соттук маалымат жана башкаруу системасын түзүүгө киришти. Анын натыйжасында каалоочулардын баарына - жарандарга, юридикалык жактарга, инвесторлорго жана ишкерлерге бардык соттук чечимдердин жана өкүмдөрдүн маалымат базасынан пайдаланууга жол ачылат. Туш келди тандоо ыкмасы менен соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү принциби иштей баштайт.
Бул башка чаралар менен айкалышып, соттордо орун алган коррупцияны кыйла азайтат, иштерди кароону создуктурууну жоюуга, соттордун иш өндүрүшүн тартипке салууга жардам берет. 2010-жылдын биринчи жарымында бул системага 28 сотту киргизүү белгиленүүдө. 2009—2011-жылга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына ылайык, жакынкы 3—4 жылдын арасында ар бир райондук сот соттук маалымат жана башкаруунун бирдиктүү системасына киргизилет. Ошентип, бардык соттордун иши ачык-айкын, сот тажрыйбасы туруктуу, ал эми сот иштерине тиешелүү бардык маалымат коомчулуктун кеңири катмары үчүн жеткиликтүү болуп калат.
Кийинки милдет - кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул маселени чечүү үчүн сот адилеттигинин органдарынын ыйгарым укуктарынын натыйжалуулугуна, жазалоо эмес, коргоо функцияларынын кеңири колдонуусуна талдоо жүргүзүү керек болот. Ошондой эле соттордун төрагаларынын административдик жана сот адилеттиги ыйгарым укуктарын ажыратып, сот аппараттарын уюштуруу натыйжалуулугун арттырып, сот процессине мониторингди күчөтүү зарыл.
Иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында жаңы курам мурдагылар топтогон тажырыйбаны жоготпосун үчүн Судьялар кеңешинин ишинде сөзсүз түрдө муундардын өз ара шайкешин камсыз кылуу зарыл. Жогорку соттордун жетекчилеринин Судьялар кеңешине мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн кароо да максатка ылайыктуу.
Судьялар кеңешинде ишин аткарууга убакыт бөлүү үчүн Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө аракеттеги судьялар катары мезгил мезгили менен иштен жеңилдик берүү жагын кароо зарыл. Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамында соттук корпустун өкүлдөрүнүн санын көбөйтүп, коомчулуктан өкүлдөрдү тандап алуунун тартибин жакшыртуу керек.
Судьялар кеңешинин иш тажырыйбасы көргөзгөндөй, жаңы функцияларды аткаруусуна жараша Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн иши оорлоп кетти. Ошондуктан, бүгүн Судьялар кеңешинин жана Улуттук кеңештин ишин камсыздоочу кызматкерлердин баштапкы санын 8—10 кишиге чейин көбөйтүү маселеси курч турат. Бул өзүн өзү актай турган чыгым. Сот департаментинин сот системасындагы ордун да жакшылап аныктоо керек.
Кадрлардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу милдети мурдагыдай эле актуалдуу бойдон кала берүүдө.
Ушуга байланыштуу судьялык кызматка талапкерлерди атайын кесиптик даярдоо маселеси биринчи планга чыгат. Биз жергиликтүү соттордун судьялыгы кызматына талапкерлер даярдоо Жогорку Соттун алдындагы Окуу борборунда гана ишке ашырылаарын аныктадык. Бул Президенттин 2008-жылдын 21 апрелиндеги Жарлыгы менен бекитилген.
Жакында эле мен тарабыман жерлигиликтүү соттордун судьяларынын кызматына талапкерлерди окутуунун тартиби жөнүндөгү жобо бекитилип, ал 2010-жылдын башынан тарта окутуу системасына киргизилмекчи. Теориялык, жана практикалык сабактардын мазмундуу, тең салмактуу программасын, тиешелүү стажировкаларды ичине камтыган бул окуу тартиби атайын билим алууга, ошондой эле судьялык иш тажырыйбаны үйрөтүүгө багытталган.
Ошондой эле адвокатураны реформалоону улантуу зарыл. Реформалоонун тиешелүү концепциясы 2005-жылы эле бекитилгенине карабастан, тилекке каршы, бул проблема дале чечиле элек.
Судьялардын ишинин аябай көп болгону да өзүнчө проблема болуп калды. Аны соттордун штатын көбөйтүү, судьялардын жардамчылары институтун киргизүү, анан, албетте, бейтарап соттор менен аксакалдар соттору институттарын өнүктүрүү аркылуу чечсе болот.
Чечимдердин сапаты үчүн судьялардын жоопкерчилигин арттыруу милдети маанилүү бойдон кала берүүдө. Мыйзамдык императивди бузган судья бери эле дегенде жумуштан алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу зарыл.
Соттук актыларды аткаруу проблемасына келсек, баарынан мурда аткаруунун жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, аткаруучулук өндүрүш жөнүндөгү мыйзамга, жарандык-процессуалдык кодекске тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү керек.
Эң акыркысы. Соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердигинде чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүүдө тараптарга жардам берген коомчулуктун өкүлдөрүн тартууну жандандыруу жана колдоо зарылдыгы бышып жетилди. Алар медиаторлордун, доону калыстоочулардын, социалдык кызматкерлердин, ошондой эле бейтарап арачылардын ролун аткарууга жөндөмдүү адистер катары чыга алышат.
Урматуу судьялар жана жолугушунун катышуучулары!
Мен сот системасын реформалоо боюнча милдеттердин негизги багыттарын гана белгиледим. Аларды чечүүдө сиздердин колдооңуздарга жана жардамыңыздарга мүт артам. Сот системасы өлкөгө, жарандардын укугун коргоого, бизнести өнүктүрүүгө, жаратылышты сактоого, жалпы келечегибизге кызмат кылсын үчүн биз колдон келгендин баарын жасоого тийишпиз.

