Жарлыктар жана Буйруктар

30 – январь 2010 жыл

Жергиликтүү соттун судьялары дайындалды жана өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөнөтүлдү

30-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин
2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына ылайык:

- Акбердиев Марат Туратбекович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;

- Батырбеков Тилекбек Соронбаевич — беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;

- Бекмурзаев Аскарали Ташпулатович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;

- Бердикеев Токтоназар Нарыкбаевич - жаш курагынын чегине чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;

- Туленбаев Таирбек Абдумаликович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Акбердиев Марат Туратбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Нарын облусунун райондор аралык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Батырбеков Тилекбек Соронбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бекмурзаев Аскарали Ташпулатович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Талас облусунун райондор аралык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бердикеев Токтоназар Нарыкбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Талас облустук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Туленбаев Таирбек Абдумаликович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Баткен облусунун райондор аралык сотуна жөнөтүлдү.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

басып чыгаруу үчүн вариант