Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы «Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгына кол койду.
Жарлыкка ылайык, электр энергиясына тарифтер жогорулаган шартта компенсациялык төлөмдөрдүн механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №509 «Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө» Жарлыгынын 3-пункту алып салынды жана 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- ушул Жарлыктын 1-пунктуна ылайык электр энергиясы үчүн пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн зарыл болгон көлөмдө кошумча каражаттарды издеп табуусу;
- «2010-жылга республикалык бюджет жана 2011—2012-жылдарга божомолдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүүсү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна ушул Жарлыкка ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөрдү өз убагында кайра эсептөөнү жана төлөп берүүнү камсыз кылуусун тапшырылды.
Комментарий
Бул Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №509 «Тариф саясатын өзгөртүүдө компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө» Жарлыгынын 3-пункту күчүн жоготуп, пенсияларга компенсациялардын дифференцияланган өлчөмдөрү да, 200 сом өлчөмүндөгү компенсация да төлөнүп берилмекчи.
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, пенсиялар өткөн мезгил үчүн да төлөнүп берилиши каралган. Айталы, 2010-жылдын февраль айында пенсия алган учурда пенсионерлер буга чейин төлөнүп келген компенсацияларга кошумча акы алышат.