Куттуктоолор

1 – январь 2010 жыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын элине жаңы жылдык куттуктоосу

Автор: Султан Досалиев

Накта (оригиналдагы) өлчөмү
(296.9 Кб, 1400x933 пикс.)

Урматтуу мекендештер!

2009-жылдын эң соңку мүнөттөрү өтүп баратат. Бул жыл баарыбыз үчүн жөнөкөй болгон жок. Экономикалык жана каржы кризиси Кыргызстанды кыйгап өтпөдү. Бирок, кыйынчылыктар менен кошо эле өтүп бараткан жыл өлкөнү жаңылоого үмүт жаратты.

Узап бараткан жылда сиздер, урматтуу мекендештер, Кыргыз Республикасынын Президенти катары мага дагы бир жолу ишеним мандатын тактыңыздар. Жыл тогошкон маалда мен өлкөнү жаңылоо, турмуш деңгээлибизди жакшыртуу боюнча сиздердин үмүттү актоо үчүн колумдан келгендин баарын жасайм деп кыргызстандыктарды ишендирип кетем.

Биз масштабдуу реформаларга кириштик. Анын максаты экономикасы өнүккөн, коому ынтымак-ырашкерлүү, элинин рухий дүйнөсү бай, дени сак мамлекетти куруу болуп саналат. 2010-жылы да биз балдарыбыздын жаркын келечегин, ар бир үйбүлөнүн байгер жана бейпил турмушун камсыз кылуунун үстүндө талыбай иштемекчибиз.

Биз ата-бабалардын маданий мурастарын сарамжалдык менен сактап, анын дүйнөлүк маданият менен жуурулушуу мүмкүнчүлүгүн арттыра бермекчибиз.

2010-жыл бардык багыттар боюнча реформаларды жайылтуунун жылы болот. Бийлик институттарын жаңылоо уланат. Дени сак жана билимдүү улутту калыптандыруунун, ири инвесторлорду тартуу жана региондорду өнүктүрүүнүн комплекстүү программалары кеңири жайылтылат.

Биздин өлкө туруктуу өнүгүп, нукура көз карандысыздыкка ээ болуп, тынчтыкта жана ынтымакта жашоого тийиш.

Урматтуу мекендештер!

2010-жылга көз ирмем убакыт калган маалда мен сиздерде өзүңүздөргө жана өлкөбүзгө бекем ишеним болушун тилеймин.

Бакты-таалай, ден соолук жана жакшылык болсун.

Жаңы жылыңыздар менен!

басып чыгаруу үчүн вариант