Жаңылыктар

5 – февраль 2010 жыл

Президент Курманбек Бакиев "Мир" МТРК төрагасы Радик Батыршинди кабыл алды

Автор: Султан Досалиев

Накта (оригиналдагы) өлчөмү
(325.8 Кб, 1400x933 пикс.)

Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев «Мир» Мамлекет аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршинди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Батыршин мамлекет башчысына «Мир» МТРКнын ишмердүүлүгү жана келечек максаттары туурасында маалымат берди. Анын ичинде акыркы эки жылда телерадиокомпаниянын аудиториясы 50 млн.адамды түзүп, 3 эсе көбөйгөндүгү белгиленди.

Жакын арада республиканын түштүгүнө да телерадиокомпаниянын  көрсөтүүлөрүн жайылтуу пландаштырылууда. Андан тышкары, «Россия 24» телеканалында ар жекшемби сайын көрсөтүлүүчү программаны түзүү боюнча да иш жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчысы «Мир» телеканалы Баткен облусунун пилоттук цифралык телекөрсөтүүсүнүн социалдык пакетине киргизилгендигин белгиледи. Бул максатка 2010-жылга карата республикалык бюджетте атайын каражат каралган.

Президент ошондой эле «Мир» МТРКсынын» сутка бою эфирге чыга турган жаңы «Мир24» жаңылыктар каналын түзүү туурасындагы демилгесин колдоого алды.

Жолугушуу учурунда мамлекеттер аралык телерадикомпаниянын андан аркы өнүгүүсүнө байланышкан айрым маселелер да талкууланды.

басып чыгаруу үчүн вариант