Жаңылыктар

4 – февраль 2010 жыл

Президент Курманбек Бакиев: Бизнести ийгиликтүү жүргүзүүгө реалдуу шарттарды түзүү биз үчүн башкы багыт болуп калышы керек

Автор: Султан Досалиев

Накта (оригиналдагы) өлчөмү
(374.1 Кб, 1400x933 пикс.)

«Албетте, эл аралык рейтингдерде жогорку орундарды ээлөө да маанилүү. Анткен менен биз үчүн бизнести ийгиликтүү жүргүзүүгө реалдуу шарттарды түзүү башкы багыт болуп калышы керек. Кийинки кадамдарыбыз дал ушул призма аркылуу каралып, аныкталышы зарыл", — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КР Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин 4-февралда Өкмөт үйүнүн Овал залында өткөрүлгөн ушул жылдагы алгачкы отуруму учурунда сүйлөгөн сөзүндө.

Отурумду ачып жатып, мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруунун жаңы принциптерине ылайык, кайсы чечим болбосун кызыкдар топтор менен талкууга алынышы керектигин белгиледи. «Бул жаатта Инвесткеңеш мамлекет менен бизнес-коомдоштук ортосунда диалог уюштуруунун аянты катары позициясын бекемдей алат», — деди К.Бакиев.

Отурумдун күн тартибине 5 негизги маселе киргизилген. Инвесткеңештин катчысы Таалайбек Койчумановдун Инвесткеңештин (ИК) мындан мурунку отурумунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча кыскача отчетунан кийин КР Транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов ИКнын жогорку технологиялар паркын түзүү боюнча чечиминин аткарылышы жөнүндө доклад жасады.

Мамлекет башчысы бизнес программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын ассоциациясынын тегерегине баш кошуп, өкмөттүк структуралар менен бирдикте зарыл болгон нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыккандыгын айтып өттү. «Биз жогорку технологиялар паркы иштеп башташы үчүн, ошондой эле жергиликтүү программисттер Кыргызстанда бул бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Бул — баарыбыз үчүн стратегиялык мааниси бар жана артыкчылыктуу багытка ээ милдет», — деди К.Бакиев.

Андан соң КР биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров жана Кыргызстандын Зергерлер ассоциациясынын генералдык директору Чыңгыз Макешов өлкөдө зергерлик өнөр жайын өнүктүрүү боюнча сунуштар туурасында сөз кылышты.

Мамлекет башчысы аталган тармакты өнүктүрүү боюнча көп сунуштар түшүп жаткандыгын кабарлап, Өкмөт аларды талдап көрүп, колдоого алышы керектигин айтты. «Менин жеке көз карашымда зергерлик өнөр жайынын келечеги кең, анткени Кыргызстанда кымбат баалуу металлдардын мол запастары бар», — деди К.Бакиев.

Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча Кыргызстандын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев сөз сүйлөдү.

Андан соң Инвесткеңештин 2010—2011-жылдарга карата иш планынын долбоору талкууланып, бекитилди.

Отурум учурунда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Роджер Робинсондун «Кыргызстандагы ишкерлик чөйрө» аттуу изилдөө, ошондой эле анын жыйынтыктары туурасындагы маалыматы угулду. Анын ичинде Кыргызстан бизнес жүргүзүү жаатында өзүн реформатор мамлекет катары көрсөтө алгандыгы, Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи орунду ээлей тургандыгы, бизнести ачуу процедураларынын жеңилдиги боюнча дүйнөдө 14-орунду ээлй тургандыгы белгиленди.

Отурумду жыйынтыктап жатып, КР Президенти Курманбек Бакиев Инвесткеңештин жана өлкө Өкмөтүнүн алдында турган милдеттер туурасында сөз кылды.

Мамлекет башчысы бизнес-ассоциациялардын Инвесткеңештин демилгеси менен түзүлгөн комиссиялардын ишине активдүү катышып жаткандыгын, бирок ошол эле учурда Өкмөттүн айрым демилгелерине өтө кеч көңүл буруп жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле Инвесткеңештин катчылыгына ишкерлер кызыкдар болгон маселелерге ыкчам реакция жасоого мүмкүнчүлүк берүүчү системаны иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Президент Инвесткеңештин иштөө форматын дагы чечим кабыл алуунун жаңыча процедураларына ылайыктап өзгөртүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Зергерчилик тармагына байланышкан маселеге кайрылып, мамлекет башчысы аталган тармактын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн бардык өбөлгөлөр жана шарттар бар экендигин, болгону уюштуруу маселелерин так жана тез арада чечип алуу керек экендигин айтты.

Банк системасынын маселелерине токтолуп, Президент Өкмөткө бул жаатта киргизилген сунуштарды карап чыгып, ишке ашыруу боюнча тиешелүү план иштеп чыгууга тапшырма берди.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы Өкмөт жетишилген ийгиликтерди бекемдеп, эл аралык рейтингдердин жогорку чектерин багынтуу үчүн өбөлгөлөрдү түзө берээрине үмүт артаарын билдирди.

басып чыгаруу үчүн вариант