Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине каттарды почта аркылуу же Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн Логвиненко көчөсү жактагы кире беришинде жайгашкан келген кат-кабарлардын почта кутусу аркылуу жиберсеңиздер болот.
Кат-кабарларды жиберүү үчүн почталык дарек: 720003, Бишкек шаары, Чүй проспекти 205, Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге.
Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине каттарды төмөндө келтирилген электрондук форманы колдонуу менен Интернет аркылуу да жиберсе болот.
Муну аткаруу үчүн Сиз эң оболу тексти "Каттын тексти" деген бөлүккө жазып, аны аяктагандан кийин "Жөнөтүү" деген баскычты басуу менен жөнөтүү керек.
Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине жиберилген бардык жазуу жүзүндөгү кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин канцеляриясына келип түшөт жана 2007-жылдын 4-майындагы "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралат.
Кайрылууга жооптор кадимки почта аркылуу кайрылууда көрсөтүлгөн почта дарегине жиберилет.
Маалымат үчүн: Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясынын 8-пунктуна ылайык фамилиясы жана почта дареги көрсөтүлбөгөн жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары ээси белгисиз деп таанылат жана каралбайт жана ага жооп берилбейт.
Бул талап жалпы пайдалануудагы маалымат системалары боюнча келген кайрылууларга да жайылтылат.
Туура эмес же анык эмес маалыматтардан турган каттар каралбайт.
Маалымат алуу үчүн өз фамилияңызды жана кат жөнөтүлгөн датаны билдирүү керек (тел. 66-52-53).