Башкы окуя
25 – февраль 2010 жыл
Президент Курманбек Бакиев: Кыргыз автономиялуу облусу - эгемендигибиздин башаты«Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн өзү республикалардын саясий, экономикалык жана укуктук статусун түп-тамырынан өзгөрттү. 1924-жылы тынчтык жол менен колубузга тийген алгачкы мамлекеттүүлүк кийинки Кыргыз Республикасынын толук эгемендигинин саясый-укуктук негизи болуп калган. Дал ошондуктан мындан 85 жыл мурда биринчи кыргыз автономиясынын түзүлгөндүгүнүн мааниси биз үчүн терең», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 25-февралда Улуттук филармонияда өткөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулуш учурунда сүйлөгөн сөзүндө.



